6-8 жаштагылар
9-12 жаштагылар
13-17 жаштагылар

Google кызматтарындагы купуялыгыңыз тууралуу билгиңиз келеби?

Керектүү жердесиң! Балдар көп берген суроолорду (мисалы, "Ата-энем Google'дагы материалдарым боюнча кандай жардам бере алат", "Google кайсы маалыматтарды колдонот" ж.б.) окуп чык.

Ата-энелер, бул маалымат 13 жашка чыга элек балдардын (же ар кайсы өлкөдө курактык чек ар кандай болушу мүмкүн) Family Link кызматы башкарган Google аккаунттарына гана тиешелүү. Кеңири маалымат алуу үчүн Купуялык эскертүүсүн жана Купуялык саясатын карап чык.

Аккаунтума ким көз салат?

Google аккаунтуңду ата-энең башкарат. Алар Family Link деген колдонмо аркылуу аккаунтуңду башкарууга жардам бере алат. Белгилүү бир жашка чыкканыңда аккаунтуңду өзүң башкара аласың.

Ата-энең төмөнкү нерселерди аткара алат:

  • Аккаунтуңа кирип, анын сырсөзүн өзгөртүп же аккаунтуңду өчүрө алат.
  • Телефонуңду же планшетиңди кулпулай алат.
  • Телефон же планшетиң кайда экенин көрө алат.
  • Сен пайдалана турган колдонмолорду тандай алат.
  • Колдонмолорду канча убакыт пайдаланганыңды көрө алат.
  • Google Издөө, YouTube же Google Play сыяктуу айрым Google колдонмолорунда көрө турган нерселериңди өзгөртө алат.
  • Аракеттерди көзөмөлдөө жөндөөлөрүн тандай алат. (Бул жөндөөлөр Google кызматтарындагы аракеттериң тууралуу маалыматты сактайт).
  • Колдонмолор үчүн жөндөөлөрдү жана уруксаттарды тандай алат.
  • Аккаунтуңдагы аты-жөнүңдү, туулган күнүңдү жана башка маалыматтарды тандай алат.
  • Google Play сыяктуу айрым Google кызматтарынан эмнени жүктөп же сатып алууну тандай алат.

Google маалыматымды эмнеге жана кантип колдонот?

Сен же ата-энең берген аты-жөнүң жана туулган күнүң сыяктуу маалымат бизде сакталышы мүмкүн. Колдонмолорубузду жана сайттарыбызды пайдаланганыңда, бул тууралуу маалымат сакталат. Бул маалыматты коопсуз сактоого аракет кылабыз жана аны ар кандай максатта, мисалы, Google колдонмолорун жана сайттарын жакшыртуу үчүн колдонобуз.

Ата-энеңдин жардамы менен маалыматың кандайча колдонуларын билип ал:

  • Колдонмолор менен сайттарды иштетүү: Мисалы, Google Издөөдө "күчүктөр" деп издесең, сен тууралуу маалымат күчүктөр тууралуу нерселерди көрсөтүү үчүн колдонулат.
  • Колдонмолор менен сайттардын ишин жакшыртуу: Мисалы, эгер бир жерден ката кетсе, маалымат аны оңдоо үчүн колдонулат.
  • Google'ду, колдонуучуларды жана коомду коргоо: Маалымат колдонуучуларды онлайн коргоо үчүн колдонулат.
  • Жаңы колдонмолор менен сайттарды иштеп чыгуу: Жаңы Google кызматтарын иштеп чыгуу үчүн учурдагы колдонмолор менен сайттарыбыздын кандайча колдонулганына көз салабыз.
  • Сага жага турган нерселерди көрсөтүү: Мисалы, YouTube Kids кызматында жаныбарлар жөнүндө видеолорду көрүүнү жактырсаң, мындай видеолор көбүрөөк сунушталышы мүмкүн.
  • Жарнамаларды көрсөтүү: Кирген сайттарыңа жараша ылайыктуу жарнамалар көрсөтүлөт.
  • Сени менен байланышуу: Мисалы, электрондук почта дарегиң аркылуу сага билдирүү жөнөтүшүбүз мүмкүн. Бейтааныш адамдардан келген билдирүүлөрдү ар дайым ата-энеңдин уруксаты менен ач.

Google'га кайсы нерселерди сактоо керектигин айта аламбы?

Ооба, сен жөнүндө сакталган айрым нерселерди өзгөртө аласың. Эгер Аракеттерди көзөмөлдөө сыяктуу айрым купуялык жөндөөлөрүңдү өзгөртсөң, ата-энеңе кабар берилет. Алар да жөндөөлөрүңдү өзгөртүүгө жардам бере алат.

Ата-энең жана сен Google аккаунтуң тууралуу айрым маалыматты каалаган убакта көрүп жана башкара аласыңар.

Google жеке маалыматымды башкалар менен бөлүшөбү?

Жеке маалыматыңды, мисалы, аты-жөнүңдү Google'дан тышкары кызматтар менен бөлүшүүбүз үчүн бир нече себеп болушу мүмкүн. Мындай маалыматты бөлүшүүдө, аны коргоо аракеттерин көрөбүз.

Айрым жеке маалыматтарды төмөнкүлөр менен бөлүшүүбүз мүмкүн:

  • Ата-энең жана Google'дагы үй-бүлөлүк тобуң менен
  • Биз кызматташкан компаниялар менен
  • Ата-энеңдин уруксаты менен
  • Юридикалык себептер боюнча

Онлайн бөлүшкөн нерселеримди дагы ким көрө алат?

Онлайн режиминде бөлүшкөн нерселериңди, мисалы электрондук каттар же сүрөттөрдү көптөгөн адамдар көрө алат. Ишенимдүү адамдар менен гана бөлүш. Билбей жатсаң, ата-энеңден же үй-бүлөлүк топтун мүчөсүнөн сура.

Көбүрөөк билгиң келеби? Ата-энеңден Купуялык саясатыбызды окууда жардам берүүсүн суран.

Google кызматтарындагы купуялыгыңыз тууралуу билгиңиз келеби?

Керектүү жердесиң! Колдонмолор менен сайттарда жасаган аракеттериң тууралуу маалыматты Google кантип топтоп, пайдаланарын бул жерден биле аласың. Мындан тышкары, Google аккаунтуңду жана түзмөктөрдү башкарууда ата-энең кандай жардам бере аларын билесиң.

Ата-энелер, бул маалымат 13 жашка чыга элек балдардын (же ар кайсы өлкөдө курактык чек ар кандай болушу мүмкүн) Family Link кызматы башкарган Google аккаунттарына гана тиешелүү. Кеңири маалымат алуу үчүн Купуялык эскертүүсүн жана Купуялык саясатын карап чык.

Аккаунтума ким көз салат?

Учурда Google аккаунтуңду ата-энең башкарат. Аккаунтуңду өз алдынча колдоно турган жашка чыкканга чейин аны ата-энең башкарат. Ал үчүн алар Family Link деген колдонмону пайдалана алат.

Ата-энең төмөнкү нерселерди аткара алат:

  • Аккаунтуңа кирип, анын сырсөзүн өзгөртүп же аккаунтуңду өчүрө алат.
  • Телефон, планшет сыяктуу түзмөктөрүңдү качан жана канча убакыт колдоно турганыңды чектей алат.
  • Телефон же планшетиң кайда экенин көрө алат.
  • Сен пайдалана турган колдонмолорду тандай алат.
  • Колдонмолорду канча убакыт пайдаланганыңды көрө алат.
  • Google Издөө, YouTube же Google Play сыяктуу айрым Google колдонмолору менен сайттарынын мазмун жөндөөлөрүн башкара алат. Бул жөндөөлөр кандай нерселерди көрө турганыңды өзгөртө алат.
  • Аккаунтуңдагы Аракеттерди көзөмөлдөө жөндөөлөрүн, мисалы, YouTube таржымалын башкарып, бул параметрлерди өз алдынча өзгөртүүгө тыюу сала алат.
  • Телефон же планшетиңдеги колдонмолордун уруксаттарын, мисалы, колдонмолор микрофонду, камераны же байланыштарыңды пайдаланып же пайдалана албай турганын текшере алат.
  • Аккаунтуңдагы аты-жөнүң, туулган күнүң же жынысың сыяктуу маалыматты көрүп, өзгөртүп же өчүрө алат.
  • Google Play сыяктуу айрым Google колдонмолорунан жана сайттарынан жүктөп жана сатып ала турган нерселериңди ырастай алат.

Google маалыматымды эмнеге жана кантип колдонот?

Көпчүлүк сайттар менен колдонмолор сыяктуу, ата-энеңден же сенден аты-жөнүң, туулган күнүң, ошондой эле кандай колдонмолор же сайттарды колдонуп жаткандыгың тууралуу маалымат алып турабыз. Бул маалыматты коопсуз сактоого аракет кылабыз жана аны кызматтарыбызды жакшыртуу үчүн колдонобуз. Мисалы, дайын-даректерди төмөнкү максатта чогултабыз:

  • Колдонмолор менен сайттарды иштетүү: Мисалы, Google Издөөдө "спорт" деп издесең, сен тууралуу маалымат спорт тууралуу нерселерди көрсөтүү үчүн колдонулат.
  • Колдонмолор менен сайттардын ишин жакшыртуу: Мисалы, эгер бир жерден ката кетсе, маалымат аны оңдоо үчүн колдонулат.
  • Google'ду, колдонуучуларды жана коомду коргоо: Маалыматты Интернетте адамдардын коопсуздугун коргоо, мисалы, шылуундукту аныктоо жана алдын алуу үчүн колдонобуз.
  • Жаңы колдонмолор менен сайттарды иштеп чыгуу: Жаңы Google кызматтарын иштеп чыгуу үчүн учурдагы колдонмолор менен сайттарыбыздын кандайча колдонулганына көз салабыз.
  • Маалыматты жекечелештирүү: Мында сага жага турган нерселер көрсөтүлөт. Мисалы, YouTube Kids кызматында жаныбарлар жөнүндө видеолорду көрүүнү жактырсаң, мындай видеолор көбүрөөк сунушталышы мүмкүн.
  • Жарнамаларды көрсөтүү: Кирген сайттарыңа жараша ылайыктуу жарнамалар көрсөтүлөт.
  • Сени менен байланышуу: Мисалы, коопсуздук боюнча көйгөй чыкса, электрондук почта дарегиң аркылуу сага билдирүү жөнөтөбүз. Бейтааныш адамдардан келген билдирүүлөрдү ар дайым ата-энеңдин уруксаты менен ач.

Google'га кайсы нерселерди сактоо керектигин айта аламбы?

Ооба, сен жөнүндө сакталган айрым нерселерди өзгөртө аласың. Мисалы, YouTube таржымалыңды Google аккаунтуңа сактагың келбесе, YouTube таржымалын өчүрүп койсоң болот. Аракеттерди көзөмөлдөө сыяктуу айрым купуялык жөндөөлөрүңдү өзгөртсөң, ата-энеңе кабар берилет. Алар да жөндөөлөрүңдү өзгөртүүгө жардам бере алат.

Ата-энең жана сен Google аккаунтуң тууралуу айрым маалыматты каалаган убакта көрүп жана башкара аласыңар.

Google жеке маалыматымды башкалар менен бөлүшөбү?

Жеке маалыматыңды, мисалы аты-жөнүң менен электрондук почтаңдын дарегин Google'дан тышкары кызматтар менен бөлүшүүбүз үчүн бир нече себеп болушу мүмкүн. Мындай маалыматты бөлүшүүдө, аны коргоо аракеттерин көрөбүз.

Айрым жеке маалыматтарды төмөнкүлөр менен бөлүшүүбүз мүмкүн:

  • Ата-энең жана Google'дагы үй-бүлөлүк тобуң менен
  • Биз иштеген компаниялар менен
  • Ата-энеңдин уруксаты менен
  • Юридикалык себептер боюнча

Онлайн бөлүшкөн нерселеримди дагы ким көрө алат?

Онлайн режиминде бөлүшкөн нерселериңди, мисалы электрондук каттар же сүрөттөрдү көптөгөн адамдар көрө алат. Кандайдыр бир нерсе онлайн режиминде бөлүшүлсө, аны өчүрүү кыйын болот. Ишенимдүү адамдар менен гана бөлүш. Билбей жатсаң, ата-энеңден же үй-бүлөлүк топтун мүчөсүнөн сура.

Көбүрөөк билгиң келеби? Ата-энеңден Купуялык саясатыбызды окууда жардам берүүсүн суран.

Google кызматтарындагы купуялыгыңыз тууралуу билгиңиз келеби?

Колдонмолор менен сайттарда жасаган аракеттериң тууралуу маалыматты Google кантип топтоп, пайдаланарын бул жерден биле аласың. Мындан тышкары, Google аккаунтуңду жана түзмөктөрдү башкарууда ата-энең кандай жардам бере аларын билесиң.

Бул маалымат жеке аккаунтун башкаруу үчүн талап кылынган жашка чыга элек балдар жана өспүрүмдөрдүн Family Link кызматы башкарган Google аккаунттарына гана тиешелүү. Кеңири маалымат алуу үчүн Купуялык эскертүүсүн жана Купуялык саясатын карап чык.

Ата-энем аккаунтумду башкарууга жардам бере алабы?

Ата-энең Family Link деген колдонмо аркылуу Google аккаунтуңду башкарууга жардам бере алат. Түзмөгүңө жараша алар төмөнкү нерселерди аткара алат:

  • Аккаунтуңа кирип, анын сырсөзүн өзгөртүп же аккаунтуңду өчүрө алат.
  • Түзмөгүңдү качан жана канча убакыт колдоно турганыңды чектей алат.
  • Аккаунтуңа кирип жана иштеп турган түзмөктөрүңдүн жайгашкан жерин биле алат.
  • Колдонмолоруңду башкарып, аларды канча убакыт пайдаланганыңды көрө алат.
  • Google Издөө, YouTube же Google Play сыяктуу айрым Google колдонмолору менен сайттарынын мазмун жөндөөлөрүн башкара алат. Бул жөндөөлөр кандай нерселерди көрө турганыңды өзгөртө алат.
  • Аккаунтуңдагы Аракеттерди көзөмөлдөө жөндөөлөрүн, мисалы, YouTube таржымалын башкарып, бул параметрлерди өз алдынча өзгөртүүгө тыюу сала алат.
  • Түзмөктөгү колдонмолордун уруксаттарын, мисалы, колдонмолор микрофонду, камераны же байланыштарыңды пайдаланып же пайдалана албай турганын текшере алат.
  • Аккаунтуңдагы аты-жөнүң, туулган күнүң же жынысың сыяктуу маалыматты көрүп, өзгөртүп же өчүрө алат.
  • Google Play сыяктуу айрым Google колдонмолорунан жана сайттарынан жүктөп жана сатып ала турган нерселериңди ырастай алат.

Google маалыматымды эмнеге жана кантип жыйнайт?

Көпчүлүк сайттар менен колдонмолор сыяктуу, ата-энеңден же сенден аты-жөнүң, туулган күнүң, ошондой эле кандай колдонмолор же сайттарды колдонуп жаткандыгың тууралуу маалымат алып турабыз. Бул маалыматты коопсуз сактоого аракет кылабыз жана аны кызматтарыбызды жакшыртуу үчүн колдонобуз. Мисалы, дайын-даректерди төмөнкү максатта чогултабыз:

  • Google'ду, колдонуучуларды жана коомду коргоо: Дайын-даректерди Интернетте адамдардын коопсуздугун коргоо, мисалы, шылуундукту аныктоо жана алдын алуу үчүн колдонобуз.
  • Кызматтарыбызды көрсөтүү: Натыйжаларды берүү үчүн изделген терминдерди иштетүү сыяктуу кызматтарды көрсөтүүдө колдонулат.
  • Кызматтарыбызды иштетүү жана жакшыртуу: Мисалы, кызматтарыбыз талаптагыдай иштебей калганда аларга көз сала алабыз. Ошондой эле, кайсы изделүүчү атоолор көп учурда туура эмес жазылганын билүү менен, кызматтарыбызда колдонулган орфографиялык текшерүү функцияларын жакшырта алабыз.
  • Жаңы кызматтарды иштеп чыгуу: Дайын-даректер жаңы кызматтарды иштеп чыгууга жардам берет. Мисалы, Google'дун биринчи фото колдонмосу болгон Picasa'да адамдар сүрөттөрүн кандайча иреттегенин билүү менен, Google Фотону иштеп чыгып жана ишке киргизе алдык.
  • Мазмунду жекечелештирүү: Мында сага жага турган нерселер көрсөтүлөт. Мисалы, YouTube'да спорт жөнүндө видеолорду көрүүнү жактырсаң, мындай видеолор көбүрөөк сунушталышы мүмкүн.
  • Жарнамаларды көрсөтүү: Издеген нерселериңе, жайгашкан шаарыңа же өлкөңө, ошондой эле кирген сайттарыңа жараша ылайыктуу жарнамаларды көрсөтүп турабыз.
  • Майнаптуулукту аныктоо: Дайын-даректер кызматтарыбыздын майнаптуулугун жана алардын кандайча колдонулуп жаткандыгын аныктоо үчүн колдонулат.
  • Сени менен байланышуу: Мисалы, шектүү аракеттер байкалса, электрондук почта дарегиң аркылуу сага билдирме жөнөтөбүз.

Google кайсы нерселерди сактай аларын кантип тандайм?

Жөндөөлөрүңдөн биз чогулта турган маалыматтарды жана аларды колдонуу ыкмасын чектей аласың. Мисалы, YouTube таржымалыңды Google аккаунтуңа сактагың келбесе, YouTube таржымалын өчүрүп койсоң болот. Аракеттерди көзөмөлдөөнү өзгөртсөң, ата-энеңе кабар берилет. Купуялык жөндөөлөрүң тууралуу кеңири маалымат

Өзүң жана Google аккаунтуң тууралуу айрым маалыматты каалаган убакта көрүп жана башкара аласың.

Google жеке маалыматымды башкалар менен бөлүшөбү?

Жеке маалыматың мыйзам боюнча талап кылынса гана Google'дан тышкары тараптар менен бөлүшүлөт. Мындай маалыматты бөлүшүүдө, аны коргоо аракеттерин көрөбүз.

Айрым жеке маалыматтарды төмөнкүлөр менен бөлүшүүбүз мүмкүн:

  • Ата-энең жана Google'дагы үй-бүлөлүк тобуң менен.
  • ​​Сен же ата -энең бизге уруксат бергенде же юридикалык себептер менен. Жеке маалымат төмөнкү максатта Google'дан тышкары тараптар менен бөлүшүлөт:
  • Учурда күчүндөгү мыйзамды, ченемдик-укуктук актыны, сот чечимин же мамлекеттик органдардын буйруктарын аткаруу.
  • Тейлөө шарттарын мажбурлап аткаруу же бузулган шарттарды иликтөө.
  • Алдамчылык жосундарын, коопсуздукка байланыштуу көйгөйлөрдү же техникалык бузулууларды аныктоо, алдын алуу же кандайдыр бир башкача жолдор менен чечүү.
  • Учурда күчүндөгү мыйзамдарга ылайык, Google компаниясынын, колдонуучулардын жана коомдун укуктарын, жеке менчигин жана коопсуздугун коргоо.
  • Үчүнчү тараптардын иштетүүсү үчүн. Биз менен кызматташкан компанияларга жеке маалыматты беребиз. Алар мындай маалыматты нускамаларыбызга жараша иштетет. Мисалы, кардарларды тейлөөдө жардам алуу үчүн тышкы компаниялар менен иштешебиз жана колдонуучулардын суроолоруна жооп берүү үчүн жеке маалыматты алар менен бөлүшөбүз.

Сүрөттөр, электрондук каттар жана документтер сыяктуу мен бөлүшкөн нерселерди дагы ким көрө алат?

Cен пайдаланган Google колдонмолору менен сайттарында белгилүү бир мазмунду башкалар менен бөлүшө аласың.

Сен бөлүшкөн нерселерди башкалар Google'дан тышкары колдонмолордо жана сайттарда да бөлүшө аларын унутпа.

Жеке мазмунуңду аккаунтуңдан каалаган убакта өчүрө аласың, бирок мында сен бөлүшкөн нерселердин көчүрмөлөрү өчүрүлбөйт.

Эмнелерди бөлүшүп жатканыңа көңүл бур жана ишенимдүү адамдар менен гана бөлүш.

Бул темалар тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн каалаган убакта Купуялык саясатын карасаң болот.